Мушташ, митинг жана интернетте пост: Орусияда мигранттарга эрежелер катаалдашты
Орусияда чет элдик жарандарды өлкөдөн чыгаруу коркунучун жараткан административдик укук бузуулардын тизмеси эки эседен ашык кеңейтилди. Жаңы эрежелер кыргызстандыктарга да тиешелүүэкендигин«Биринчи радионун» эфиринде Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин миграциялык процесстер жана өнүктүрүү программалары бөлүмүнүн башчысы Эркинбек Каримов билдирди.
Анын айтымында, өзгөртүүлөр 2026-жылдын 3-ноябрында күчүнө кирген. Алар коомдук тартипти жана Россиянын мыйзамдарын бир катар бузуулар үчүн чет элдиктерди өлкөдөн чыгаруу мүмкүнчүлүгүн карайт.
Атап айтканда, майда бейбаштык, полиция жана башка укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө, митингдерди өткөрүү эрежелерин бузуу, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланыштуу айрым укук бузуулар, ошондой эле россиялык армияны дискредитациялоо тууралуу мыйзамдарга туура келген жарыялоолор өлкөдөн чыгарууга негиз болуп калышы мүмкүн.
Каримов кыргызстандыктар миграциялык эрежелерди гана эмес, россиялык мыйзамдардын башка талаптарын да сактоого кылдат мамиле кылышы зарыл экенин белгиледи.
Ошол эле учурда, анын айтымында, так ушул жаңы негиздер боюнча өлкөдөн чыгарууга туш болгон Кыргызстандын жарандарынан министрликке жана анын Москвадагы өкүлчүлүгүнө азырынча кайрылуулар түшө элек.
Өзгөртүүлөр Россиянын 2026-жылдын 4-августундагы № 294-ФЗ Федералдык мыйзамы менен киргизилген. Документке ылайык, чет элдиктерди өлкөдөн чыгарууну караган административдик укук бузуулардын курамынын саны 22ден 45ке чейин көбөйгөн.
Жаңы негиздердин арасында экстремисттик материалдарды жайылтуу, тыюу салынган символиканы эл алдында көрсөтүү, жек көрүүнү же кастыкты козутуу, өзгөчө кырдаал режимин бузуу жана Россияда жагымсыз деп табылган уюмдардын ишмердүүлүгүнө катышуу да бар.
Белгилей кетсек, сөз Россиянын Административдик укук бузуулар жөнүндө кодексинин конкреттүү беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө болуп жатат. Ар бир эле уруш-талаш, интернеттеги жарыялоо же коомдук иш-чарага катышуу автоматтык түрдө өлкөдөн чыгарууга алып келбейт.
Буга чейин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги да мекендештерди Россиянын мыйзамдарынын катаалдашы тууралуу эскертип, жаңы талаптар менен кылдат таанышып чыгууга чакырган.
Эске салсак, Эмгек министрлигинин маалыматы боюнча, 134 миңден ашык кыргызстандык Россияга кирүүгө тыюу салынган адамдардын тизмесинде турат. 2026-жылдын 1-октябрына карата дагы 80 миңге жакын Кыргызстандын жараны Россиянын көзөмөлдөнүүчү адамдардын реестринде катталган.