Кара-Балтада абанын булганышы. «Азия Сталь» жана «Джунда» өндүрүшүн жакшыртат
Кара-Балтадагы «Азия Сталь» жана «Джунда» ишканалары абага зыяндуу заттарды бөлүп чыгарууну азайтуу үчүн өндүрүшүн модернизациялашат.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын директорунун орун басары Азат Сагынов билдиргендей, «Азия Сталь» жаңы чыпкаларга буйрутма берди. Ошондой эле жабдуулар эл аралык аудиттин жыйынтыгы боюнча тандалып алынган. Ишке киргизүү-жөндөө жумуштарын октябрь айынын аягына чейин баштоо пландалууда.
«Джунда» мунай кайра иштетүүчү заводу өндүрүштү толук реконструкциялоого киришти. Жумуштар мунай продуктуларын куюп-төгүү тилкесине да тиешелүү болот. Анткени андан чыккан зыяндуу заттарга жергиликтүү тургундар нааразычылыгын билдиришкен. Ишкана ишке киргизүү-жөндөө жумуштарын 2027-жылдын апрель айына чейин аяктоону пландап жатат.
Эскерте кетсек, Кара-Балтанын тургундары өнөр жай ишканаларынан чыккан зыяндуу заттарга бир нече жолу даттанышкан. Алардын айтымында, «Азия Сталь» турак жай массивинен болжол менен 300 метр аралыкта жайгашкан, ал эми «Джунда» заводу да үйлөргө жакын жайгашкан.
Шаардыктардын кайрылуусунан кийин адистер Кара-Балтанын жана Новониколаевка айылынын бир нече чекитинен абанын үлгүлөрүн алышкан. Экологиялык мониторинг департаментинин маалыматы боюнча, жогорулаган көрсөткүчтөр негизинен азоттун диоксиди боюнча катталган.