Кыргызстанда миграция маселелери боюнча жаңы департамент түзүлөбү? Себеби
Кыргызстанда 2027-жылдын 1-январынан тартып эмгек миграциясын жана жарандык маселелерин жөнгө салуунун эксперименталдык режими киргизилет. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Документке ылайык, эксперимент 2027-жылдын 31-декабрына чейин созулат. Бул мезгил аралыгында мамлекеттик органдардын бир катар функциялары Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине өткөрүлүп берилет.
Атап айтканда, ведомство Кыргызстанда жашоого уруксат берүүчү документтерди тариздөө жана берүү, чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо, бирдиктүү уруксат кагазын жана резиденттик картаны берүү иштери менен алектенет.
Мындан тышкары, министрликке мыйзамдарда белгиленген компетенциянын чегинде жарандык маселелерин кароо боюнча айрым ыйгарым укуктар, ошондой эле чет өлкөлүк жумушчу күчүнө карата миграциялык көзөмөл жүргүзүү функциялары берилет.
Бул милдеттерди аткаруу үчүн министрликтин алдында миграция маселелери боюнча департамент түзүлөт. Жарлыкка ылайык, жаңы түзүм өзүн-өзү каржылоо принцибинде иштейт, ал эми кызматкерлерди кабыл алуу ачык сынактык негизде жүргүзүлүүгө тийиш.
Ошол эле учурда, жаңы департамент толук кандуу ишке киргенге чейин документтерди тариздөөнү учурдагы ыйгарым укуктуу органдар уланта беришет. Министрлер кабинетине өткөөл мезгилде мамлекеттик кызматтардын үзгүлтүксүз көрсөтүлүшүн камсыз кылуу тапшырылды.
Чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартуу жаатында да өзүнчө өзгөрүүлөр болот. Өкмөткө мыйзамдарда каралган комиссиялык кароо жол-жоболорун убактылуу токтотуу менен чет өлкөлүк жумушчуларга республикалык квоталарды бөлүштүрүү тартибин кайра карап чыгуу тапшырылды.
Ошондой эле туристтерди кошпогондо, чет өлкөлүктөргө Кыргызстанда жүрүү жана иштөө укугун берүүчү бирдиктүү документти өркүндөтүү иштери улантылат.
Дагы бир багыт — чет өлкөлүк жумушчу күчүн тарткан иш берүүчүлөр үчүн кепилдик төгүмдөр механизми болмокчу. Бул каражаттар миграциялык мыйзамдарды бузган чет өлкөлүк жарандарды административдик тартипте өлкөдөн чыгарууну (депортациялоону) камсыз кылуу үчүн колдонулары болжолдонууда.
Эмгек министрлигине 2027-жылдын 1-июлуна чейин эксперименталдык режимге мониторинг жүргүзүү тапшырылды.
Эгерде жыйынтыктар оң болсо, ведомство 2027-жылдын 1-сентябрына чейин өзгөртүүлөрдү мындан ары бекитүү үчүн президенттин администрациясына ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун киргизүүгө тийиш.