USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

«Манас» аэропортунда паспорттук көзөмөл системасында мүчүлүштүк жаралды

10:18, 24 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

Бүгүн эртең менен «Манас» эл аралык аэропортунда Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасында техникалык мүчүлүштүк орун алды. Мындан улам паспорттук көзөмөлдө чоң кезектер пайда болгон.

Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришкендей, система саат 6:23төн тарта иштебей калган. Саат 8:30га карата ал толугу менен калыбына келтирилди.

Блок YouTube

Ведомстводон кошумчалашкандай, учурда бардык жүргүнчүлөр каттоодон жана чек ара көзөмөлүнөн штаттык режимде өтүп жатышат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18