Кыргызстандын аэропорттору былтыр 6 миллиондон ашык жүргүнчүнү тейлеген
Кыргызстандын аэропорттору 2025-жылы 6 миллиондон ашык жүргүнчүнү тейлеген. Мындай маалыматты Жарандык авиация күнүнө карата Улуттук статистика комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, «Кыргызстан аэропорттору» ААКнын курамына 11 аэропорт кирет. Алардын алтоо эл аралык жана бешөө аймактык болуп саналат.
Өлкөнүн башкы аба дарбазасы болуп «Манас» эл аралык аэропорту калууда. Ал эл аралык жана ички каттамдарды тейлейт жана аба кемелеринин бардык түрлөрүн кабыл алууга жөндөмдүү болуп саналат.
2025-жылы улуттук авиакомпаниялар 1,8 миллионго жакын жүргүнчүнү ташыган. Жүргүнчү агымынын 42 пайызы эл аралык ташууларга, ал эми 58 пайызы ички каттамдарга туура келген.
«Кыргызстан аэропортторунун» түзүмүнө ошондой эле Ош, Ысык-Көл, Каракол, Баткен, Жалал-Абад, Исфана, Караван, Казарман, Нарын жана Талас аэропорттору кирет.
Эске салсак,2025-жылы өлкөнүн бардык аэропорттору өлкөнүн аэропорттук инфраструктурасын башкарган «Кыргызстан аэропорттору» ААКсына бириктирилген.