USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Кыргызстандан Милан, Париж, Лондон жана Токиого түз аба каттамы ачылышы мүмкүн

13:07, 26 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстан Европага, Жакынкы Чыгышка жана Азияга жаңы эл аралык аба каттамдарын ачуу мүмкүнчүлүгүн караштырууда. Келечектүү багыттардын арасында Милан, Франкфурт, Берлин, Париж, Будапешт, Прага, Лондон, Брюссель, Токио жана Сингапур бар.

Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидиновдун Министрлер кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов менен жолугушуусунун жыйынтыгында белгилүү болду.

еееееееееееееееееееееееееееееееее.png

Тараптар эл аралык каттамдар тармагын кеңейтүү жана туристтик агымды көбөйтүүгө, ошондой эле Кыргызстандын чет мамлекеттер менен байланышын чыңдоого өбөлгө түзө турган жаңы аба каттамдарын ишке киргизүү келечегин талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду. Документ жаңы аба каттамдарын ачуу, учуулардын географиясын кеңейтүү жана Кыргызстандын туристтик потенциалын эл аралык деңгээлде илгерилетүү боюнча биргелешкен иштерди карайт.

Ведомстволор өз ара аракеттенүү өлкөнүн авиациялык жана туристтик тармактарын өнүктүрүүгө, ошондой эле чет элдик саякатчылар үчүн жагымдуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет деп эсептешет.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18