USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Кыргызстандан Европага учак каттамдары 2026-жылдын аягына чейин ачылышы мүмкүн

14:20, 07 октября 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстан европалык ташуучулардын жардамы менен 2026-жылдын аягына чейин Европага түз авиакаттамдарды ачууну пландап жатат. Ал эми 2027-жылдын май айынан тарта европалык багыттарды Asman Airlines дагы ишке киргизүүнү көздөөдө. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов билдирди.

Анын айтымында, учурда европалык авиакомпаниялар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.Манасбек Самидинов Кыргыз Республикасы Европа Биримдигинин авиациялык кара тизмесинен чыккандан кийин Евробиримдикке каттамдарды аткаруу үчүн азыр эч кандай чектөөлөр жок экенин белгиледи.

«Биз жаңы жылга чейин дал ушул европалык ташуучуларды тартып, алардын Кыргызстан менен авиакаттамдарды ачуусун пландап жатабыз», — деди ал.

Азырынча кыргызстандык авиакомпаниялар ылайыктуу аба кемелеринин жоктугунан улам Европага түз каттамдарды ача алыша элек. Бул көйгөйдү чечүү үчүн ушул жылы Asman Airlines үчүн эки Airbus A321 учагы сатылып алынган. Манасбек Самидиновдун айтымында, алар Кыргызстанга 2027-жылдын май айында келиши керек. Андан соң авиакомпания европалык багыттарды ачууну пландап жатат.

Бул ортодо «Кыргызстан аэропорттору» ААК өлкөнүн жеке авиакомпаниялары менен да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.Европага каттамдарды дагы ишке киргизүү үчүн аларга финансылык институттардын жана лизингдик компаниялардын жардамы менен өз флотторун көбөйтүү сунушталууда.

«Биздин ата мекендик компаниялардын да учууга мүмкүнчүлүгү бар, ошондой эле биз европалык ташуучуларды да кабыл ала алабыз», — деп кошумчалады Манасбек Самидинов.

Эскерте кетсек, 2026-жылдын 8-июнунда Кыргызстан 2006-жылдан бери турган Евробиримдиктин авиациялык кара тизмесинен чыгарылган. Андан кийин кыргызстандык авиакомпаниялар үчүн ЕБге каттамдарды аткарууга коюлган чектөөлөр алынган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18