Өзбекстандын Qanot Sharq авиакомпаниясы Бишкектен Пхукетке алгачкы чартердик каттамын аткарды. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ААКтан билдиришти.
Чартердик каттамдар жумасына эки жолу — шейшемби жана жума күндөрү Airbus A321, A330 жана A320neo учактары менен аткарылат.
Жаңы багыт Кыргызстандын эл аралык каттамдар тармагын кеңейтип, Таиланд менен туристтик байланыштарды чыңдоого өбөлгө түзөт. Эми жүргүнчүлөр Бишкектен Таиланддын эң популярдуу курортторунун бири болгон Пхукетке түз уча алышат.
«Кыргызстан аэропорттору» ААК Өзбекстандын алдыңкы жеке авиакомпанияларынын бири болгон Qanot Sharq компаниясын жаңы каттамдын ачылышы менен куттуктайт. Авиакомпаниянын учуу программасы ийгиликтүү болуп, каттамдарына суроо-талап жогору болсун. Жүргүнчүлөргө ак жол жана Пхукетте көңүлдүү эс алуу каалайбыз.