Майамиде жүк жана жүргүнчүлөр ташуучу Boeing учактары кагылышты
UPS компаниясынын жүк ташуучу Boeing 767 үлгүсүндөгү учагы жана Copa Airlines авиакомпаниясынын жүргүнчүлөр ташуучу Boeing 737 лайнери Майами эл аралык аэропортунда кагылышып кетти. Жүк ташуучу учак Богота шаарына учууга даярланып жаткан, ал эми жүргүнчүлөр лайнери Панамадан келген.
«Болжол менен саат 21:15те учуп чыгып жаткан жана конуп жаткан учактар эки рулдоо тилкесинин кесилишинде кагылышты. Жабыркагандар тууралуу маалымат жок, каттамдар башка рулдоо тилкелерине багытталып жатат, ошондуктан азыркы учурда бул аэропорттун ишине таасирин тийгизбейт», — деди аэропорттун өкүлү Грег Чин.
Кийинчерээк аба майданында эки киши жеңил жаракат алганы тастыкталды.
Муutарак кабарлангандай, АКШнын Жарандык авиация федералдык башкармалыгы (FAA) аба кыймылын башкаруу борборлоруна таасир эткен байланыш системасындагы каталыкка байланыштуу өлкөнүн бардык аэропортторунан учактардын учууларын убактылуу токтоткон.
Бул чектөөлөр каттамдардын массалык түрдө кечигишине жана токтотулушуна алып келди, ал эми авиадиспетчерлер абада жүргөн учактардын кыймылын түзөтүүгө мажбур болушкан.