Кыргызстандын диний окуу жайларында 15 миңге жакын адам окуйт. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Президентке караштуу Дин иштери жана улуттар аралык мамилелер боюнча улуттук агенттигинен билдиришти.
Ведомствонун маалыматы боюнча, 2024–2025-окуу жылында диний окуу жайларын 2 миң 944 адам бүтүргөн, ал эми 2025–2026-окуу жылында — 2 миң 430 адам аяктаган.
Учурда агенттик бүтүрүүчүлөрдүн мындан аркы жумушка орношуусу тууралуу маалыматты тактоодо. Ошол эле учурда алардын кайсы жерде жана ким болуп иштеп жатканы тууралуу жалпыланган статистика азырынча жок.
Мекемеден ошондой эле жалпы билим берүү уюмдарында дин таануу багытындагы предметтердин окутулушуна көз салып жатышканын билдиришти.
Мындай предметтердин мугалимдери үчүн 72 академиялык саатка созулган милдеттүү атайын даярдык каралган. Сабак берүүгө тиешелүү окуудан өткөн педагогикалык кызматкерлер гана коюлат.
Муну менен катар билим берүү программаларынын мазмунуна, окутуунун сапатына жана билим берүү талаптарынын сакталышына көзөмөл жүргүзүү билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын компетенциясына кирет.
Муфтияттын маалыматы боюнча, учурда өлкөдө 92 диний окуу жайы иштейт. Алардын ичинен бир университет, 8 институт, 22 жогорку медресе, 28 орто медресе, 13 башталгыч медресе жана Куран жаттоого багытталган 20 атайын медресе бар.