USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Бишкекте ислам динин кабыл алган 80 жаранга умрага жолдомо белекке берилди

09:41, 24 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

Бишкекте жакында ислам динин кабыл алган 80 жаранга Сауд Арабиясына кичи ажылыкка — умрага жолдомо белекке берилди. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (КМДБ) билдирди.

Жолдомолорду тапшыруу «Имам Сарахсий» мечитинде өттү. Кайрымдуулук акциясын туристтик компаниялардын бири КМДБ менен биргеликте уюштурган. Жолдомолорду орус улутундагы 55 жана корей улутундагы 25 жаран алды.

Муфтийдин орун басары Рафаил Татиков болочок зыяратчыларга насаат сөзүн айтып, ак жол каалады.

Туркомпаниянын жетекчиси Мадали Ойтемировдун айтымында, демилге ар улуттун өкүлдөрүнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү жана ынтымакты бекемдөөгө багытталган. Сапардын катышуучулары Мекке жана Медина шаарларындагы ыйык жайларды зыярат кыла алышат.

Умра ажылыктан айырмаланып, ислам календарынын белгилүү бир күндөрүнө байланган эмес жана жылдын башка мезгилинде да аткарылышы мүмкүн.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18