«Кыргызстан суктандырат». БУУнун өкүлү өлкөнүн ийгиликтери тууралуу айтты
БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын аткаруучу директорунун милдетин аткаруучу Карл Скау Кыргызстандын экономикалык өсүү темпин жана социалдык программаларды ишке ашыруунун жыйынтыктарын жогору баалады. Ал мектептерде тамакты уюштурууга өзгөчө көңүл буруп, аны мамлекеттин эл аралык уюмдар менен кызматташуусунун ийгиликтүү үлгүсү деп атады.
Карл Скау бул тууралуу «Азаттыкка» курган маегинде Кыргызстанга жасаган расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча айтып берди.
Анын айтымында, республика экономикада да, БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүдө да жакшы жыйынтыктарды көрсөтүүдө.
«Мен өлкө абдан жакшы жыйынтыктарды көрсөтүп жатат деп эсептейм: экономикалык өсүү суктандырат. Ошондой эле Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүдө да оң прогресс байкалууда», — деп белгиледи БУУнун өкүлү.
Скау мектеп тамагы программасын эң ийгиликтүү долбоорлордун бири деп атады.

Ал БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы кыргыз бийлиги менен биргеликте пилоттук долбоорлорду ишке киргизүү үчүн 60 жылдык эл аралык тажрыйбасын колдонгонун айтып берди.
Кийинчерээк Кыргызстандын өкмөтү бул программаны кеңейтүү иштерине өз алдынча киришкен.
«Кыргызстандын өнүгүү жолу чындап эле суктандырат. Менин оюмча, дүйнө бул тажрыйбадан үйрөнө турган нерселер көп», — деп баса белгиледи Карл Скау.
БУУнун өкүлү ошондой эле мамлекет тарабынан экономикалык өсүүнүн аркасында алынып жаткан кошумча кирешелер социалдык программаларга да багытталып жатканын белгиледи.
Муну менен катар ал климаттын өзгөрүшү, азык-түлүк коопсуздугу жана социалдык жактан аялуу жарандарды мындан ары да колдоо зарылдыгы сыяктуу чечилбеген көйгөйлөргө көңүл бурду.
Анынайтымында, Кыргыз Республикасы тоолуу өлкө катары климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерине өзгөчө дуушар болууда. Жакынкы жылдары бул тобокелдиктер күчөшү мүмкүн, ошондуктан эл аралык уюмдар өкмөт менен адаптациялоо жана социалдык коргоо маселелери боюнча кызматташууну улантууга ниеттенүүдө.
Эскерте кетсек, 22-октябрда Карл Скау министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов менен жолуккан. Тараптар 2025–2030-жылдарга каратылган Азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу программасынын алкагында мектеп тамагын өнүктүрүүнү жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоо маселелерин талкуулашкан.