USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

БУУ: Дүйнөдөгү миллиондогон жер которууга аргасыз болгондор жардамсыз калабы?

09:59, 13 октября 2026, Бишкек - 24.kg

Бүгүнкү күндө дүйнөдө 117 миллионго жакын жер которууга аргасыз болгон адам бар. Ошол эле учурда каржылоонун кыскарышынан улам качкындарды коргоонун глобалдык системасына коркунуч жаралууда. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюму билдирди.

БУУнун Качкындар иштери боюнча башкармалыгынын башчысы Бархам Салехтин айтымында, 2026-жыл агенттик үчүн «өзгөчө оор жыл» болду. Анын кызматкерлеринин саны 2024-жылдан бери 8 миңге кыскарган.

Качкындардын жана өлкө ичинде жер которгондордун саны абдан тез өсүүдө. Өкмөттөр жана гуманитардык уюмдар жардам көрсөтүү операцияларын ошого жараша көбөйтүүгө жетишпей жатышат.

2026-жылдын башынан бери БУУнун Качкындар иштери боюнча башкармалыгы 18 өлкөдөгү — Йеменден тартып Африка мүйүзүнө чейин, Судандан Африка Сахелине чейинки 22 өзгөчө кырдаалга чара көрдү.

Өсүп жаткан гуманитардык муктаждыктарга карабастан, агенттик үстүбүздөгү жылга зарыл болгон каржылоо көлөмүнүн болжол менен үчтөн бир бөлүгүн гана алды — талап кылынган 8,5 миллиард доллардын 3 миллиардыгана берилди.

Мунун кесепетинен аялдар жана кыздар зомбулук менен эксплуатациягакөбүрөөк дуушар болууда, балдар билим алуу жылдарын жоготуп жатышат. Ал эми майыптыгы бар адамдар керектүү колдоону ала албай жатышат, деп билдирди Салех.

Буга чейин Коопсуздук кеңешинде ал эл аралык коомчулукту качкындарга карата тилектештик көрсөтүүгө чакырган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18