БУУнун баш катчысы: «Жасалма интеллект коркунучка айланышы мүмкүн»
БУУнун Баш катчысы Антониу Гутерриш жасалма интеллектти көзөмөлсүз колдонуунун өсүп жаткан тобокелдиктери тууралуу эскертти. Анын айтымында, технологиялардын тез өнүгүшү эл аралык кызматташтыкты жана коопсуздукту камсыз кылуунун натыйжалуу механизмдерин түзүүнү талап кылат.
Бул тууралуу ал Барбадостун борбору Брижтаун шаарында өтүп жаткан жасалма интеллекттин коопсуздугу боюнча атайын саммитте билдирди.

БУУ башчысы жасалма интеллект адамзат үчүн зор мүмкүнчүлүктөрдү ачарын белгиледи. Ал саламаттык сактоо жана билим берүү системаларын жакшыртууга, илимий изилдөөлөрдү тездетүүгө, экономикалык өнүгүүгө өбөлгө түзүүгө жана аба ырайынын болжолдорунун тактыгын жогорулатууга жөндөмдүү.
Бирок технологиялардын өнүгүшү менен бир катар аларга байланыштуу коркунучтар да көбөйүүдө.
Гутерриш жакында болгон технологиялык мүчүлүштүктөрдү, кибератакаларды жана жасалма интеллектти иштеп чыгуучулардын өздөрүнүн мүмкүн болгон экзистенциалдык тобокелдиктер тууралуу эскертүүлөрүн эске салды.
«Технологияны иштеп чыгуучулардын өздөрү тобокелдиктер абдан олуттуу болушу мүмкүн деп айтып жатканда, дүйнө бул эскертүүлөргө өтө олуттуу мамиле кылууга милдеттүү», — деп билдирди ал.
Баш катчынын айтымында, эл аралык коомчулук тобокелдиктерди башкаруунун жалпы ыкмаларын иштеп чыгышы керек, анткени жасалма интеллектти колдонуунун кесепеттери мамлекеттик чек аралар менен чектелбейт.
Гутерриш глобалдык теңсиздиктин күчөшү коркунучуна өзгөчө көңүл бурду. Ал өнүгүп келе жаткан өлкөлөр да жаңы технологияларды жөнгө салууга тиешелүү чечимдерди кабыл алууга катышуусу керектигин баса белгиледи.
Муну менен бирге БУУ башчысы бардык мамлекеттерге бирдиктүү моделди таңуулоону эмес, эл аралык кызматташтыктын, олуттуу инциденттер тууралуу маалымат алмашуунун жана ЖИнин коопсуздугун биргелешип баалоонун механизмдерин түзүүнү жактады.
Атап айтканда, өлкөлөрдүн улуттук тилдерди, маданий өзгөчөлүктөрдү жана жергиликтүү шарттарды эске алуу менен интеллектуалдык системалардын коопсуздугун өз алдынча текшерүү мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү сунушталууда.
Учурда БУУ колдогон Жасалма интеллект жаатында потенциалды жогорулатуу боюнча алмашуу жана кызматташтыктын глобалдык тармагы дүйнөнүн беш аймагындагы 27 борборду бириктирет.
Гутерриш ошондой эле жаңы технологиялардын мүмкүнчүлүктөрүн жана тобокелдиктерин изилдеп жаткан ЖИ боюнча Көз карандысыз эл аралык илимий топтун ишин белгиледи.
«Жасалма интеллект адамзат тарабынан, адамзат менен бирге жана бүтүндөй адамзат үчүн калыптанышы үчүн бардыгын жасайлы», — деп сөзүн жыйынтыктады БУУнун Баш катчысы.