USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Курулуш министри жумушун которот деген айың кептерди төгүндөдү

16:00, 09 октября 2026, Бишкек - 24.kg

Курулуш министри жумушун которуштурат деген ушак-айыңдарды төгүндөдү. Бул тууралуу Нурдан Орунтаев «Азаттыкка» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, ага эч ким жаңы кызматтарды сунуштаган эмес.«Мындай маалыматты ким таратып жатканын билбейм. Менин оюмда да мындай нерсе жок. Бүгүнкү күндө мен министрлер кабинетиндеги эң жаш министрмин жана ушул тармакта иштөөгө мүмкүнчүлүк берилгени үчүн Кудайга жана президентке ыраазымын», — деп кошумчалады Нурдан Орунтаев.

Ошондой эле ал өзүнө ишеним көрсөтүлүп жаткан убакытка чейин иштей турганын белгиледи.

«Кет десе, кетебиз», — деди Нурдан Орунтаев.

Эске салсак, буга чейин коомчулукта кадрдык өзгөрүүлөр болушу мүмкүн деген маалымат тарап, башкалардын катарында Нурдан Орунтаевдин да аты аталган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18