USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Бишкекте алты өлкөнүн курулуш министрлери эки документке кол коюшту

13:42, 12 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

Бишкекте «Борбордук Азия — Кытай» форматындагы курулуш министрлеринин экинчи жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча эки биргелешкен документке кол коюлду. Алар курулуш тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга багытталган.

Жолугушууга Кыргызстан, Кытай, Казакстан, Тажикистан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын өкүлдөрү катышты.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар төмөнкү документтерге кол коюшту:

  • «Борбордук Азия — Кытай» форматындагы курулуш министрлеринин экинчи жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча биргелешкен билдирүү;
  • Курулуш тармагында кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча 2027–2028-жылдарга карата иш-чаралар планы.

Катышуучулар Пекин демилгесин аткарууну, жетишилген натыйжаларды жана мындан аркы кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты.

Жолугушуунун алкагында Кыргызстандын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев, Кытайдын, Өзбекстандын жана Таджикистандын тармактык министрлери менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, курулуш тармагында өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү маселелерин талкуулады.

Кол коюлган документтер аймактагы өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты системалуу түрдө өнүктүрүүгө, макулдашууларды аткарууга жана жаңы биргелешкен долбоорлорду баштоого негиз болуп бермекчи.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18