Кара-Сууда 47,4 гектар жеке менчик жер президенттин иш башкармалыгына берилет
Ош облусунун Кара-Суу районунда жарандардын жеке менчигинде турган 47,4 гектар жер президенттин иш башкармалыгына мөөнөтсүз пайдаланууга берилет. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Документке ылайык, кеп Кара-Суудагы Киров жана Эркин айылдарынын аймагында жайгашкан жер тилкелери жөнүндө болуп жатат. Алардын жалпы аянты 47,4 гектарды түзөт.
Бул жерлерди менчик ээлеринин макулдугу менен Присавай, Эркин жана Коңурат айылдарында жайгашкан Айыл чарба убактылуу жерлеринин мамлекеттик фондунун тилкелерине алмаштыруу пландалууда.
Кара-Суу райондук администрациясына мэрия менен биргеликте ээлери тиешелүү алмашуу келишимдерин түзүү жана жеке жер тилкелерин мамлекеттик менчикке кабыл алуу тапшырылды.
Бардык жол-жоболор аяктагандан кийин 47,4 гектар жер президенттин иш башкармалыгына мөөнөтсүз пайдаланууга берилет.
Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография мамлекеттик агенттигине зарыл болгон жергеустөөнү уюштуруу иштерин жана тилкелерге укуктарды мамлекеттик каттоодон өткөрүү тапшырылды.
Муну менен катар токтомдо президенттин иш башкармалыгы алынган жерлерди кайсы максаттарга колдонууну пландап жатканы так көрсөтүлгөн эмес.
Документ 10 күндөн кийин күчүнө кирет.