USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Бишкектеги жаңы Ош базарынын негизги курулуш иштери аяктады

14:03, 30 октября 2026, Бишкек - 24.kg

Жаңы Ош базарында негизги курулуш иштери аяктады. Учурда ал жерде кирүүчү жолдорду, инженердик тармактарды жана чектеш аймакты көрктөндүрүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынан билдиришти.

Ведомство башчысы Каныбек Туманбаев объектке барып, жумуштун жүрүшү менен таанышты.

Блок YouTube

Башкармалыктын маалыматы боюнча, соодагерлер жана сатып алуучулар үчүн кышында жылуу, ал эми жайында салкын боло турган заманбап соода имараттары курулду.

Туманбаев калган иштерди сапаттуу жана белгиленген мөөнөттө бүтүрүүнү тапшырды. Жаңы Ош базарын 2027-жылдын жазында ачуу пландалууда. Ал тышкы инфраструктура боюнча бардык иштер аяктагандан кийин пайдаланууга берилет.

Жаңы базардын жалпы аянты 155 миң чарчы метрди түзөт. Долбоордо соода орундары, складдык имараттар, муздаткыч борборлору, спорт залдары, мечит жана медициналык пункттары бар эки жана төрт кабаттуу тогуз корпус каралган.

Эске салсак, жаңы комплекстин курулушу 2024-жылдын сентябрь айында башталган. Соодагерлер көчүп өткөндөн кийин эски Ош базарын жабуу пландалууда. Анын аймагында бийлик өкүлдөрү эс алуу үчүн заманбап жашыл зона түзүүнү көздөп жатышат.

Алгач жаңы базарды август айынын аягында — ШКУ саммитинин алдында ачуу пландаштырылган. Бирок ишке киргизүү мөөнөтү адегенде күзгө, андан соң 2027-жылдын жазына жылдырылды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18