Айдоочулук экзамендер үчүн «Унаа» мекемесине 63 жаңы автоунаа тапшырылды
Кыргызстанда айдоочулук күбөлүк алуу үчүн практикалык экзамендерди өткөрүүгө 63 жаңы унаа берилди. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, унааларды башкармалыктын башчысы Каныбек Туманбаев Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборго тапшырды.
Жаңы транспорт каражаттары өлкөнүн аймактарында айдоочулук күбөлүк алуу үчүн практикалык экзамендерди өткөрүүдө пайдаланылат.
Алардын ичинен:
- C1E категориясы боюнча — 18 чиркегич (LKW Center);
- C категориясы боюнча — 17 ISUZU;
- C1 категориясы боюнча — 16 ISUZU;
- D категориясы боюнча — 12 JAC SUNRAY.
Жаңы автоунаалар заманбап видеокөзөмөл системалары менен жабдылып, экзамен кабыл алуучу кызматкерлер бодикамералар менен камсыздалган. Кийинки этапта практикалык экзамендерди кабыл алуу процессин автоматташтыруу пландалууда.
Белгилей кетсек, буга чейин, 6-ноябрда, Каныбек Туманбаев мамлекеттик автомектептерге B категориясы боюнча практикалык сабактарды өткөрүү үчүн 70 жаңы автоунаа тапшырган. Ошентип, ноябрь айында айдоочуларды даярдоо жана экзамендерди өткөрүү үчүн жалпысынан 133 жаңы транспорт каражаты берилди.