2026-жылы Россиядан 34 миңден ашык чет өлкөлүк жаран депортацияланып жана өлкөдөн чыгарылды. Бул 2025-жылга салыштырмалуу 80 пайызга көп экенин Орусия ИИМдин расмий өкүлү Ирина Волк билдирди.
Анын маалыматы боюнча, укук коргоо органдары 4,2 миңге жакын кылмыш ишин козгоп, издөөдө жүргөн 549 адамды аныкташкан.
«Мыйзамсыз-2026» операциясы эки этапта өтүп, биринчиси июнь айында болгон. Текшерүүнүн жыйынтыгында миграциялык мыйзамдарды бузуунун 143 миңге жакын учуру аныкталган, анын ичинде кирүү, чыгуу, жүрүү жана транзиттик өтүү эрежелерин бузуунун 100 миңден ашык фактысы бар. Дагы 40 миңге жакын мыйзам бузуу эмгек ишмердүүлүгүнө тиешелүү болгон.
«Мыйзамсыз-2026» операциясы ИИМ тарабынан ФСБ, Росфинмониторинг жана Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө өлкөлөрдүн түзүмдөрү менен биргеликте өткөрүлүүдө.
Операцияны өткөрүүдө чет өлкөлүктөрдүн топтолуп жашаган жана иштеген жерлерин текшерүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Быйыл текшерүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга чек арадан өтүүдө биометрикалык системаны колдонуу да жардам бергенин Ирина Волк кошумчалады.