USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Байге фонду 1,5 миллион сом: Бишкекте республикалык төкмө акындардын айтышы өтөт

08:04, 19 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

26-ноябрда Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Республикалык «Айтыш» коомдук фондунун 25 жылдыгына, залкар төкмө акындар Эшмамбет Байсейит уулунун 160 жылдыгына жана Казыбек Мамбетимин уулунун 125 жылдыгына арналган республикалык төкмө акындардын айтышы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Улуттук төкмө акындык өнөрдү өнүктүрүү, анын мурастарын даңазалоо жана таланттуу акындарды колдоо максатында уюштурулган айтыштын тандоо туру 20-ноябрда саат 12:00дө Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде өтөт.

Башкы айтыш 26-ноябрда саат 18:00дө Кыргыз улуттук филармониясында уюштурулуп, акындар сөз тапкычтыгын, чыгармачылык дараметин жана төкмөлүк өнөрүн сынашат.

Иш-чаранын байге фонду 1 миллион 500 миң сомду түзөт. Башкы демөөрчүсү — жеке ишкер Нурбек Кеңешов.

Улуттук өнөрдүн улуу мурасын улантып, айтыш өнөрүн даңазалаган бул иш-чарага өнөр сүйүүчүлөр чакырылат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18