USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

“Бай өлкө — бак бешигим”: Монголияда төкмө акындардын эл аралык айтышы өтөт

10:31, 23 октября 2026, Бишкек - 24.kg

25–26-октябрь күндөрү Монголиянын Баян-Өлгий аймагында «Бай өлкө — бак бешигим» аттуу төкмө акындардын эл аралык айтышы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, эл аралык өнөр таймашына Кыргызстандын атынан төкмө акын Тынчтык Эсенбай уулу катышат. Ал төкмөлүк өнөрдү даңазалап, башка өлкөлөрдүн акындары менен күч сынашат.

Иш-чара элдердин ортосундагы маданий байланыштарды чыңдоого, төкмөлүк өнөрдү жайылтууга жана улуттук чыгармачылыкты өнүктүрүүгө багытталган.

Айтыш Хурманхан Мухамед уулу атындагы мамлекеттик драма театрында өтөт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18