Байге фонду 1 миллион сом: Оштогу республикалык айтыш жыйынтыкталды
Ош шаарынын күнүнө жана Кыргыз Республикасынын Баатыры, залкар жазуучу Төлөгөн Касымбековдун 95 жылдык мааракесине арналган төкмө акындардын республикалык айтышы жыйынтыкталды.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, айтыштын тандоо турлары 1-октябрда Кыргыз улуттук «Манас» театрында жана 3-октябрда Ош шаарында өтүп, финалдык таймаш Бабур атындагы Ош мамлекеттик музыкалык-драма театрында өттү.
Жыйынтыгында баш байгеге Нурсултан Абдикаримов татыса, 1-орунду Жамайка Токонова, 2-орунду Болот Назаров, 3-орунду Идирис Айтбаев ээледи. Айтыштын жалпы байге фонду 1 миллион сомду түздү.
Иш-чаранын негизги максаты — Ош шаарынын тарыхын жана маданий мурастарын даңазалоо, улуттук баалуулуктарды жайылтуу, төкмөлүк өнөрдү өнүктүрүү жана жаш муундарды мекенчилдикке тарбиялооболуп саналат.