USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Президент болууну каалагандардын катарына дагы экөө кошулду

10:32, 28 июня 2017, Бишкек - 24.kg
Дарья ПОДОЛЬСКАЯ

«Маро» фирмасынын кожоюну Сайнидин Султанидинов жана Жергиликтүү өндүрүшчүлөрдүн ассоциациясынын жетекчиси Бакыт Дегенбаев шайлоого катышууга документтерин тапшырды. Бул тууралуу Боршайком маалымдайт.

Сайнидин Султанидинов 2011-жылы өткөн президенттик шайлоого дагы катышкан. Ал эми Бакыт Дегенбаев FACEBOOKта «Кыргызстандык товарларды сатып ал» тайпасын ачып, жергиликтүү өндүрүшчүлөрдү колдоо иретинде өткөргөн акция жана жарманкелеринен кийин көпчүлүккө таанылды. Ага чейин Түркияда кыргыз диаспорасын жетектеген.

Эскерте кетсек, буга чейин Өмүрбек Текебаев, Назаркул Нышанов, Темир Сариев жана Арстанбек Абдылдаев, Рита Карасартова Боршайкомго талапкер катары катталуу үчүн документтерин тапшырган. БШК он күн ичинде аларды каттооого алышы керек.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18