USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Салыкчылардын эсебинен жашагысы келген депутаттардын тизмеси

17:15, 08 июня 2017, Бишкек - 24.kg
Юлия КОСТЕНКО

Бүгүн Жогорку Кеңеш экинчи окууда «Жогорку Кеңештин депутаттарынын макамы» жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүнү колдогон жок. Мыйзам долбоордо эл өкүлдөрүнө кызматтык унаа, батир жана эс алууга жолдомодон баш тартуу сунушталган. Ага 74 депутат каршы добуш берди.

Алар мыйзам долбоорун популисттик катары баалап, мамлекет депутаттардын натыйжалуу иштешине шарт түзүлүшү керектигин айтышты.

Эскерте кетсек, мыйзам долбоор биринчи окууда бир жыл мурда каралган. Анда 58 депутат макулдугун билдирген. Эми көпчүлүгү пикирин өзгөртүп, артыкчылыктарды сактап калмай болушту.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18