08:53
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Парламентте депутаттардын артыкчылыктарын кайтарып алуу сунушу көтөрүлүүдө

Парламентте депутаттардын жеңилдиктерин кайра кайтарып алуу сунушу көтөрүлүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү отурумунда айтылды.

Отурумда «Жогорку Кеңештин депутатынын макамы» жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү каралууда. Ага ылайык, мыйзамчыларга мындан ары кызматтык унаа, батир жана курортко эс алууга жолдомо берилбейт.

Бул демилге депутаттардын нараазычылыгын туудурду. Ирина Карамушкина өзгөртүүнү «буржуаздык сунуш» деп баалап, бул интеллигенциянын өкүлдөрүнө парламентке келүүгө жолтоо болорун айтты.

«Анда акчасы жоктор депутат боло алышпайт. Жогорку Кеңеште Депутатка өзүнүн милдеттерин ыкчам ишке ашыруу үчүн унаа керек. «Республика — Ата Журт» фракциясы жеңилдиктен баш тартса, ал өздөрүнүн иши. Эмнеге аны бизге дагы таңуулашат?» — деди Ирина Карамушкина.

Аны Альфия Самигуллина дагы колдоого алды. Депутаттын пикиринде, кызматтык унаанын жоктугунан ишинин сапаты начарлап кеткен.

«Биз унаадан, жардамчыдан баш тарттык эле мыйзамдардын сапаты да төмөндөдү. Биз юристтерге барып келе албайбыз. Депутат жеке автомобилин колдонсун деген эмне?», — деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар