16:15
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Депутаттар кайра эле кызматтык унаа, батир жана жардамчы талап кылып жатышат

Талайбек Масабиров кол тийбестиктен баш тартып, жеңилдиктерди калтырууну сунуштады.

«Бизди өнүккөн өлкөлөр менен салыштырып жатышат. Америка, же Европадагыдай айлык алсак, анда жардамчыларды жалдап алмакпыз», — деп түшүндүрдү ал.

Айнура Осмонова парламент күчүн жоготкондугуна, баарын тарттырып коюп жаткандыгына кейиди.

Демилгенин автору Асел Кодуранова аймактан келген депутаттарга батирлер берилерин айтып, долбоорду дыкат окууга чакырды.

Жыйынтыгында 74 депутат өзгөртүүгө каршы, 36 колдоп добуш берди. Мыйзам долбоор экинчи окууда кабыл алынды.

Эскерте кетсек, 2015-жылы өткөн шайлоо алдында Жогорку Кеңешке ат салышкан бир катар партиялар депутаттык жеңилдиктерден баш тартаарын билдирип, жарандык коом сунуштаган меморандумга дагы кол коюшкан.

Эң көп окулган жаңылыктар