17:45
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Футзал боюнча Азия кубогу. Кыргызстандын курамасы Ирандан утулуп калды

Кыргызстандын футзал боюнча курама командасы Таиланддагы Азия кубогунун чейрек финалында Иран менен беттешти. Бул тууралуу Кыргызстандын футзал боюнча ассоциациясынан билдиришти.

Беттеш 6:1 эсебинде аяктап, Кыргызстандын курамасы утулуп калды.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын курама командасы Түштүк Корея жана Тажикстан менен тең чыккан.  Ал эми Япония менен болгон оюнда жеңишке жетип, С тайпасында экинчи орунду ээледи.

Ирандын командасы үч беттеште тең атаандаштарын утуп, D тайпасында биринчи орунга чыкты.

Эң көп окулган жаңылыктар