Айсулуу Тыныбекова Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында жеңишке жетти. Бул тууралуу UWW сайтында маалымдалды.
62 килограммга чейинки салмак ченинде ал 1/4 финал баскычынан баштап, кореялык спортчу Субин Жону 3 мүнөт 27 секундда жеңди.
Кыргызстандык спортчу жарым финалда монголиялык атаандашын 13:3 эсебинде утту.
Финалда ал япониялык Сакура Мотоки менен күч сынашып, 9: 6 эсебинде жеңишке жетти.
Белгилей кетсек, буга чейин Айпери Медет кызы алтын медалга ээ болгон.