17:53
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Ош шаарындагы 50,2 миллион сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Ош шаарынын борбордук аянтына жакын жерде жайгашкан жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, А.С. Ош айыл чарба техникумунун жетекчиси болуп турган учурда жалпы аянты 266 чарчы метр болгон окуу жайдын жер тилкесин менчиктештирип, Ош шаарындагы Мухтар Нургазиев көчөсүнүн (мурдагы Клубная көчөсү) № 3 дарегинде төрт кабаттуу 647,28 чарчы метр үй тургузган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында менчик ээси жер тилкесин имарат менен кошо Ош шаардык мэриясынын балансына өткөрүп берди. Белгилей кетсек, аталган мүлктүн наркы 50 миллион 241 миң 145 сомго бааланган.

Учурда УКМК жеке менчикке мыйзамсыз берилген жер тилкелерин аныктоо иштерин улантууда.

Эң көп окулган жаңылыктар