18:00
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Сот Имамидин Ташовду бир айга камакка алды

Бишкектин Биринчи май райондук соту KG Group курулуш компаниясынын жетекчиси Имамидин Ташовдун бөгөт чарасын карап, 22-майга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алды. Бул тууралуу райондук соттун басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин «бийликти күч менен басып алууга аракет кылган» деп шектелип, издөөдө жүргөн Имамидин Ташов Чүй облусунун Кайыңды айылында кармалган. УКМКнын маалыматына караганда, ал Кара-Балтада бийликти басып алуу максатында каршылык акциясын өткөрүү үчүн күчтөрдү бириктирүү боюнча убактылуу штаб уюштурууну пландап жаткан. Атайын кызмат ал «калкты адаштыруу үчүн социалдык тармактарда да активдүү иш алып барганын» билдирген.

Эскерте кетсек, УКМК KG Group курулуш компаниясы Бишкекте көп батирлүү алты турак үй курганын кабарлаган. Бирок ал объектилердин бири дагы тиешелүү уруксат кагаздары жок болгондуктан пайдаланууга берилген эмес.

Буга чейин социалдык тармактарда Имамидин Ташовдун видео кайрылуусу жарыяланып, анда ал «аны уурдап кетишкенин», мамлекеттин пайдасына которулган 52 миллион сомдон тышкары дагы 100 миллион сом талап кылышканын билдирген.

Эң көп окулган жаңылыктар