10:51
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

CPJ 11 журналистке коюлган айыпты алып салууга чакырды

Журналисттерди коргоо боюнча эл аралык комитет (CPJ) кыргыз бийлигин Temirov Live жана «Айт, айт десе» долбоорлорунун мурдагы жана азыркы кызматкерлерине коюлган айыпты алып салууга чакырды. Билдирүү уюмдун сайтында жарыяланган.

CPJ уюмунун Европа жана Борбор Азия боюнча программаларынын координатору Гүлноза Саид дагы төрт журналисттин бошотулушу туура кадам экенин, бирок «Кыргызстан журналисттерге айып тагуу менен сөз эркиндиги боюнча эл аралык милдеттенмелерин одоно бузууну улантып жатканын» белгиледи.

Ал ошондой эле жакында Махабат Тажибек кызынын тергөө абагында сабалганы тууралуу маалымат «терең тынчсызданууну жаратып, толук жана шашылыш иликтөөнү талап кыларын» кошумчалады.

16-январда Temirov Live медиасынын кеңсесинде тинтүү жүргүзүлүп, редакциялык жабдыктар алынган. Милиция үйлөрүн тинтип, басылманын учурдагы жана мурдагы 11 кызматкерин камакка алган.

ИИМ Temirov Live жана «Айт Айт Десе» социалдык баракчаларындагы материалдарга жасалган соттук-лингвистикалык экспертизанын жыйынтыгы менен аларга Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү «Массалык башаламандыкка чакырыктар» боюнча кылмыш иши козголгонун билдирген.

Махабат Тажибек кызы, Сапар Акунбеков, Азамат Ишенбеков, Сайпидин Султаналиев, Актилек Капаров, Тыныстан Асыпбеков, Максат Тажибек уулу, Жоодар Бузумов, Жумабек Турдалиев, Айке Бейшекеева жана Акыл Орозбеков кармалып, 13-мартка чейин Бишкектин № 1 тергөө абагына эки айга камакка алынган. Алардын баары Temirov Live долбоорунун мурдагы же учурдагы кызматкерлери.

Эскерте кетсек, буга чейин сот Сапарбек Акунбеков менен Акыл Орозбековду үй камагына чыгарган. Жумабек Тургуналиев эч жакка чыкпоо тилкаты менен бошотулган. 9-апрелде Сайпидин Султаналиев, Тыныстан Асыпбеков, Жоодар Бузумов жана Максат Тажибек уулунун бөгөт чарасы өзгөртүлгөн.

Ал эми Актилек Капаров, Айке Бейшекеева, Азамат Ишенбеков жана Махаббат Тажибек кызы камакта калды.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума