11:21
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

ИИМ башчысы Тemirov Live басылмасынын иши боюнча комментарий берди

Ички иштер министри Улан Ниязбеков «Кабар» агенттигине берген маегинде Тemirov Live басылмасынын учурдагы жана мурдагы 11 кызматкеринин кармалышы боюнча комментарий берди.

Ал кармалгандардын баары эле журналисттер эмес экенин белгиледи.

«Алардын экөөсү гана журналист болгон. Калган тогузу блогер атыккандар. Керек болсо алтоосунун жогорку билими жок экен. Болгону орто мектепти бүткөндөр. Азыр жетөөсү үй камагына чыкты. Соттор чыгарып жатат. Соттор бизге отчет беришпейт. Эл аралык уюмдардын суранычы менен чыгарып жатышабы же өздөрү эле чыгарып атышабы аны биз айта албайбыз», — деди ал.

Министр журнилситтердин кармалышында эч кандай саясий себептер жок экенин кошумчалады.

«Биз журналисттербиз деп эле оозуна келгенди оттой беришсе анан камайбыз да. Жалган жалааларды жаап, калп маалыматтарды таратып коюп эч кандай жооп бербейбиз, биз журналистпиз деп олтура берсе болобу? Журналистиканы, анын мыйзамдарын билбеген билими жоктор болуп атпайбы. Билими жок үчүн жалган маалымат таратышып, элди дүрбөлөңгө салып жатышпайбы. Анан эле аларды журналисттер деп ызы-чуу чыгара бериштин кереги жок», — деп айтты Улан Ниязбеков.

Ал ошол эле Европа, АКШда журналисттер жалган же такталбаган маалыматтарды таратпай турганын белгиледи.

«Бирөөнүн үстүнө жугунду куйбайт. Бирөөнүн үстүнө жугунду куюп же бийликтин ишмердиги жөнүндө жалган маалымат таратып көрсүнчү, аларды сотко берип олчойгон компенсация төлөтүп алат же камашат. Бизде деле ошол Европа, АКШдагыдай тартип орнош керек. Мейли бизди, бийликти сындашсын ага эч кандай тыюу жок. Бизде сөз эркиндиги бар жана боло берет. Болгон талабыбыз далилдерди топтоп алып же маалыматтарды абдан тактап алып анан элге чыгарышпайбы. Бийлик минтип салды, министрлик тигинтип салды деп жалган маалыматтарды дүңгүрөтүп салышып элди көтөрүлүшкө чакырык жасап атышса анан камайбыз да», — деп жыйынтыктады Ниязбеков.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума