19:19
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Бишкектин борборунан 40ка жакын кичи автобус чыгарылат

Бишкектин борборунан 40ка жакын кичи автобус чыгарылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Кичи автобустар Ахунбаев, 7—апрель/Курманжан Датка, Чүй, Манас проспектилери менен чектелген аймактан алынат.

Мындай чечим менен Бишкектин борбордук бөлүгүн бошотуу пландалууда.

  • Биринчи этапта 10-апрелден тарта № 111, 118, 130, 134, 135, 136 кичи автобустары алынат;
  • Экинчи этап 10-майдан башталат. Анын алкагында 159 даана кичи маршруттук каттам шаар сыртына чыгарылат. Алар: № 138, 163, 192, 202, 207, 220.
  • Үчүнчү этап 1-июнда башталып, 589 даана пландык чыгуусу менен № 224, 234, 243, 246, 257, 258, 275 жана «Жүргүнчүлөрдү ташуу бирикмеси» муниципалдык ишканасынын № 150, 143, 131, 117, 112, 101, 164, 179, 185, 201, 211, 223, 227, 230, 240, 250, 252, 260, 285, 295 каттамдары калаа сыртына чыгарылат.

«Жакынкы аралыкта Бишкек шаарында бардык кичи автобустар толугу менен автобустарга алмаштырылат. Кичи автобустардын айдоочулары муниципалдык автобустун айдоочусу болуп ишке орношсо болот. Бирок окуудан өтүү керек. Анын мөөнөтү иш стажына жараша аныкталат. Бүгүнкү күндө автобус айдоочусунун айлык акысы 98 миң сомго чейин жетет», — деп кошумчалады мэрия

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума