14:23
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Президент кыргызстандыктарды ыйык Орозо айынын башталышы менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн кыргызстандыктарды ыйык Орозо айынын башталышы менен куттуктады.

«Урматтуу мекендештер! Кадырлуу мусулмандар! Сиздерди ыйык Орозо айынын башталышы менен чын дилимден куттуктаймын! Орозо — жан дүйнөнү тазалоо менен изги иштердин, бийик максаттарга жетүүгө шыктануунун айы катары сыпатталып, мусулман жамааты үчүн ыйык жана касиеттүү ай деп саналып келет. Канча кылымдар өтпөсүн, бул ай айкөлдүктүн, кайрымдуулуктун, жоомарттыктын, ошону менен бирге адеп-ахлагыбызды бекемдөөнүн айы болуп келген. Берекелүү бул айдын кириши менен момун мусулмандар орозо кармап, Жаратканга ишенимин чыңдап, руханий азык алууга, арууланууга ниет кылышат», — деди өлкө башчысы.

«Кымбаттуу кыргызстандыктар! Өлкөбүздүн эртеңи үчүн элибиздин ынтымагы менен бейпилдиги өзгөчө мааниге ээ! Мына ошондуктан мамлекет бардык диний көз караштарга, ишенимдерге терең урматтоо менен мамиле жасайт. Баарыбыздын биргелешкен иш-аракетибиз менен өлкөбүздүн өнүгөөрүнө жана алдынкы өлкөгө айланарына терең ишенем! Андыктан, жан дүйнөбүздү жаман ойлордон арылталы, пейилибизди түзөп, жаркын келечек курууга ар бирибиз оюбуз, ниетибиз, иш-аракетибиз менен кол кабыш кылалы», — деп жазылган куттуктоодо.

Садыр Жапаров бул улуу айда жалпы кыргызстандыктарга бакубат жашоо, тынчтык жана жакшылыктарды каалады. «Жашоодо эң күчтүү курал — бул акыл, эң күчтүү чеп — бул сабыр» деген накыл кеп сыңары, билим алуу менен катар сабырдуу болууга умтулалы. Ички руханий тазалыктын, аруулуктун айы болгон Орозо айында ар бир үйгө Жаратканыбыз кут-береке алып келсин. Жалаң гана жакшылыкка үмүт байлап, таза ниет менен кармаган орозоңуздар кабыл болсун! Орозо айыңыздар куттуу болсун!», — деп жыйынтыктады ал.

Эң көп окулган жаңылыктар