12:37
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Кара-Балтада катуу мөндүр жаады

Кара-Балтада катуу мөндүр жаады.

Социалдык тармактын колдонуучулары катуу жааган мөндүрдүн видеолору менен бөлүшүп жатышат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 24.kg агенттигине саат 14.10до Чүй облусунун Сокулук, Москва жана Жайыл райондорунда мөндүр аралаш жамгыр жааганын маалымдады. Кыйроолор жана жабыркагандар жок.

Буга чейин Гидрометеорология кызматы 22-26-апрелде республиканын аймагында туруксуз аба ырайы жана нөшөрлүү жаан-чачын күтүлөрүн, сел жүрүшү мүмкүн экенин билдирген.

Эң көп окулган жаңылыктар