11:58
USD 88.35
EUR 95.16
RUB 0.95

Бухарада газ жарылып, бир адам набыт болду

1-март күнү эртең менен Бухарадагы унаа тетиктерин саткан дүкөндөрдүн биринде газ жарылды. Анын кесепетинен имараттын биринчи кабатынын 2 бетон плитасы кулап, бир адам каза болуп, дагы бири жаракат алды.

«Жарылуунун себептери жана келтирилген зыяндын көлөмү такталууда. Кырсык болгон жерде өрт болгон эмес», — деп айтылат маалыматта.

Окуя болгон жерде куткаруучулар, ички иштер жана прокуратура кызматкерлери иш алып барууда.

Алдын ала териштирүү иштери жүрүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар