01:22
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

ЖЭБдеги авария. Жабыркагандар курортология институтуна которулат

ЖЭБдеги авариядан жабыркагандар курортология жана калыбына келтирүүчү дарылоо илим-изилдөө институтунда реабилитациясын улантышат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев тез жардам ооруканасына барып, комбустиологдор, пластикалык хирургдар жана травматологдор менен биргеликте ЖЭБде жабыркаган эки жабырлануучуга консилиум өткөрдү.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы
Фото Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы

Жыйынтыгында бейтаптарды курортология жана калыбына келтирүүчү дарылоо илим-изилдөө институтуна которуу чечими кабыл алынды.

Министр бейтаптар Түркиянын Адана шаарындагы шаардык илимий-изилдөө ооруканасынын күйүк бөлүмүндө үч айга жакын дарыланып келишкенин белгиледи.

«Жабырлануучуларга бир катар операциялар жасалды. Учурда бейтаптардын абалы туруктуу, бирок аларга алдыда реабилитация, андан кийин этаптуу реконструкциялоо операциялары талап кылынат», — деп белгиледи мекеме.

Эске салсак, 2-февралда Бишкек жылуулук борборунда авария болгон. Беш адам жабыркап, үчөө ооруканага жаткырылып, экөө амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.

Жабыркагандар жакындары жана эки кыргызстандык дарыгердин коштоосунда 4-февралда президенттик ТУ-154 учагы менен Түркияга учуп кетишкен.

«Жабыркагандарга жардам көрсөтүү боюнча бардык чаралар президенттин жеке көзөмөлүндө болуп, аларды Түркияга жеткирүү жана дарылоо үчүн каржылык каражаттар бөлүнгөн», — деп кошумчалады министрлик.

Эң көп окулган жаңылыктар