01:42
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

2023-жылы 12 миңден ашык жаран чет өлкөдө ишке орношкон

2023-жылы жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору жеке агенттиктердин жардамы менен 12 миңден ашык кыргызстандыкты чет мамлекеттерде ишке орноштурган. Бул тууралуу «Биринчи радионун» эфиринде борбордун башчысы Бакыт Кудайбердиев билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө Улуу Британияда иштөөнү каалаган жарандар көп.

«Улуу Британия жарандарды сезондук иштерге тартат. Ошол эле учурда, тил билүү талап кылынбайт, орус тилин билүү жетиштүү. Улуу Британиянын өкмөтү бизге жылына 10 миңдей квота берет, ошондуктан баары эле бул өлкөгө барып иштей албайт», — деди Бакыт Кудайбердиев.

17 жылдан бери Түштүк Корея багыты боюнча да иштер жүргүзүлүүдө. Бул мезгил аралыгында 5 миңден ашык адам ишке орношкон. Бүгүнкү күндө Түштүк Кореянын аймагында 1,5 миң кыргыз бар.

Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун башчысы Кыргызстанда расмий түрдө иш менен камсыз кылуучу 165 жеке агенттик иштеп жатканын, алар 25тен ашуун өлкөдө мекендештерди жумушка орноштурарын кошумчалады. Булар негизинен Европа жана Перс булуңундагы мамлекеттер.

Эң көп окулган жаңылыктар