10:28
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Грузияда камалган кыргыз жарандары мекенине которулушу мүмкүн

Грузиядагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчи Кайрат Осмоналиев Башкы прокуратуранын эл аралык байланыштар жана укуктук маселелер департаментинин башчысы Ираклий Чилингарашвили менен жолукту.

Тышкы иштер министрилиги маалымдагандай, жолугушууда эл аралык укуктук жардам жаатындагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкууланды. Грузияда жазасын өтөп жаткан Кыргызстандын жарандарын экстрадициялоо жана азыркы учурда кылмыш жоопкерчилигине тартылып жаткан кыргызстандыктарга карата кылмыш өндүрүшү маселелери козголду.

Андан соң Кайрат Осмоналиев Грузиянын Юстиция министрлигинин эл аралык байланыштар жана укуктук кызматташуу департаментинин директору Кетеван Сараджишвили менен да жолукту.

Жолугушууда укуктук чөйрөдөгү эки тараптуу мамилелердеги маселелер, анын ичинде эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу эл аралык келишимдерди ишке ашыруу жана аткаруу жана эки тараптуу келишимдик-укуктук базаны мындан ары өркүндөтүү маселелери талкууланды.

Грузияда эркинен ажыратылган кыргыз жарандарын мындан ары жаза мөөнөтүн Кыргызстанда өтөө үчүн өткөрүп берүү маселеси да каралды.

«Мындан тышкары тараптар эки жакты тең кызыктырган тармактарда кызматташууну кеңейтүүнүн мүмкүн болгон жолдорун дагы талкуулашты. Ошону менен бирге, мамлекеттик башкаруу жаатындагы реформалар, коррупцияны жоюу жана туризмди өнүктүрүү боюнча Грузиянын тажрыйбасын изилдөөгө кызыгуу билдирилди», — деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар