13:58
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

КМШ, ШКУ, ЕАЭБ саммиттери. Коопсуздукту 4 миң милиция кызматкери камсыздайт

Коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо үчүн ички иштер органдарынын 4 миңге жакын кызматкери тартылат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Исмаилов бүгүн маалымат жыйынында билдирди.

Ал 25-октябрдан 27-октябрга чейин Бишкекке Кытайдын премьер-министри Ли Цян расмий иш сапары менен жана Монголиянын премьер-министри Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэ жумушчу сапары менен келерин эскертти. Ошондой эле Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин өкмөт башчыларынын, Шанхай кызматташтык уюмунун жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны күтүлүүдө.

Азыр расмий делегациялардын маршруттук багыты, иш-чаралар өтө турган жана делегациялар жайгаша турган жерлер боюнча ыкчам-алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

«Коомдук тартипти жана жогорку даражалуу меймандардын коопсуздугун камсыз кылган кызматкерлердин талаптарына урмат менен мамиле кылууга жарандарга кайрылгым келет», — деди Нурлан Исмаилов.

Эң көп окулган жаңылыктар