15:30
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Ат-Башы районунда «өзгөчө кырдаал» жарыяланды

Нарын облусунун Ат-Башы районунда «өзгөчө кырдаал» жарыяланды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Райондун Арпа өрөөнүндө 2-майдан тарта аба ырайы кескин өзгөрүп, кар калың жаап, жайлоодо 5 үй-бүлө мал жандыктары менен калган.

ӨКМдин маалыматында, малчылардын тамак-аштары жетиштүү, бирок мал жандыктардын тоюту жок. 

ӨКМден ыкчам топ тартылып, Ат-Башы РМА- акимдин орун басары жеринде болуп жаткан абалдан кабар алып, жергиликтүү бийлик тургундар менен биргеликте жерине 680 түк чөп жеткиришти. Учурда жол каттамы ачык.

Ошондой эле Арпа өрөөнүндөгү Ак-Бейит, Беш-Сары, Ичке, Кемесия тилкелеринде калган малчыларга ыкчам жардам көрсөтүү жана кырдаалды жөнгө салуу максатында Ат-Башы РМАнын башчысы-акимдин буйругунун негизинде 3-майдан тарта райондун аймагына «Өзгөчө кырдаал» режими убактылуу киргизилди.

Эң көп окулган жаңылыктар