10:01, 09 октября 2018, Бишкек - 24.kg
Тогуз-Торо районунда жаз айларында алтын кен иштетүүчү ЖЧК «Джи Эл Макмал Девелопинг» комбинатында болгон башаламандыктан кийин кармалган 21 кишинин иши сотко ашты. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБсы билдирет.
Учурда массалык тартипсиздике катышкан 21 киши соттолууда. Аларга «Массалык тартипсиздиктер», «Бейбаштык», «Жерлерди өзү билип ээлөө же басып алуу», «Мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу» беренелери менен айып тагылууда.
Кылмыш иши боюнча 19 шектүү үй камагында. Алардын арасында Көк-Ийрим айыл аймагында жергиликтүү кенештин депутаты да бар. Дагы экөө камоодо.
7-октябрь күнү Тогуз-Торо районунун Атай айыл аймагынын жергиликтүү кеңештин төрагасы 1973-жылы туулган Ш.У. 2 айлык мөөнөткө камакка алынды.