Жол кырсыгында жабыркаган тартип сакчысынын абалы оор

11:50, 02 октября 2018, Бишкек - 24.kg

Жол кырсыгында жабыркаган тартип сакчысынын абалы оор. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Марат Султаналиев өз алдынча кыймылдай албайт.

«Дарыгерлер ага «баш-мээсинен жабык жаракат алган жана жумшак ткандары жабыркаган» деген болжолдуу диагноз коюшту. Ал өз алдынча кыймылдай албайт. Дарыгерлер анын абалын оор дешүүдө», -деп билдиришти башкармалыктан.

Эске салсак, кечээ, жүк ташуучу унаанын айдоочусу тартип сакчысын койдуруп кеткен.