23:35
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Өкмөт: Жол кырсыгында жабыркаган милицияга жардам көрсөтүлөт

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жол кырсыгында жабыркаган милиция Марат Султаналиевге материалдык жардам көрсөтүү тууралуу буйрук чыгарды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Маалыматка караганда, өкмөт башчы ИИМге окуяны тыкыр иликтеп чыгууну тапшырды.

Эске салсак, 1-окятбрда жүк ташуучу унаанын айдоочусу тартип сакчысын койдуруп кеткен. Милиция жолдо катуу ылдамдыкта келе жаткан унааны байкап калып, ошол учурда өтмөктөн келе жаткан балдарды коюп кетпесин деп унаанын токтотууга аракет кылган.

Эң көп окулган жаңылыктар