Унаа токтотуучу жайдын жумушчусун сабаганга шектүү айдоочу кармалды

11:37, 26 сентября 2018, Бишкек - 24.kg

Свердлов РИИБнын кызматкерлери унаа токтотуучу жайдын жумушчусун сабаганга шектүү айдоочуну кармады. Бул тууралуу 24.kg агенттигине ШИИББдан билдиришти.
 
Маалыматка караганда, кармалган жарандын өздүгү такталууда. Аталган факт боюнча иликтөө жүрүп жатат.
 
Эске салсак, социалдык түйүндөргө айдоочу унаа токтотуучу жайдын жумушчусун сабагандыгы тууралуу видео жарыяланган.