06:58
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Бишкекте айдоочу унаа токтотуучу жайдын жумушчусун сабап салды

Бишкекте айдоочу унаа токтотуучу жайдын жумушчусун сабап салды. Бул тууралуу маалыматты Facebook жана Instagram социалдык түйүндөрүнүн колдонуучулары жазып чыгышты.

Facebook баракчасына жүктөлгөн видеодон айдоочу унаадан чыгып жумушчуну сабап жатканын көрүүгө болот. Бир аздан кийин өтүп бараткан жолоочу аларды токтотуп калган. 

Айрым маалыматка караганда, окуя «Мегакомфорт» соода борборунун жанында болгон. Социалдык түйүндүн колдонуучулары окуянын күнөөкөрү Нарын облусунун жашоочусу Куштарбек Майназаров болушу мүмкүн деп боолгошууда.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума