11:06, 21 сентября 2018, Бишкек - 24.kg
Бишкекте дайынсыз жоголуп издөөдө жүргөн 14 жаштагы Аида Мамаева Жалал-Абад облусунан табылды. Бул тууралуу ШИИББнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, милиция кызды 21-сентябрга караган түнү тапты. Учурда кыз ата-энесине кайтарылып берилди. Алдын ала алынган маалыматка караганда, анын ден соолугу жайында.
Эске салсак, 14 жаштагы Аида 17-сентябрда үйүнөн мектепке чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес.