12:22
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Бишкекте дайынсыз жоголгон Аида Мамаева изделүүдө

Бишкекте 14 жаштагы дайынсыз жоголгон Аида Мамаева изделүүдө. Бул тууралуу Бишкек ШИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, кыз 17-сентябрда үйүнөн мектепке чыгып кетип, кайра кайтып келген эмес.

Өзгөчө белгилери: бою 155-160 сантиметр, көздөрү көк, чачтары кара, узун. Ак кофта жана көйнөк, кара юбка, бутуна ак кроссовки кийип жүргөн.

Аида Мамаеванын жүргөн жери тууралуу маалымат болсо, Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына (0553)102-566, (0772) 052-000, 0556) 85-58-12, (0702) 22-85-05 телефондору аркылуу байланышка чыкса болот.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби
24-апрель, шаршемби