11:29, 19 сентября 2018, Бишкек - 24.kg
24.kg агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери (теолог, юрист, психолог) жооп берет.
Суроо: Коңшубуз өтө динчил. Балдарын эч бир медициналык кароодон өткөргөн эмес. Ымыркай курагынан бери эмделген дагы эмес. Менин балдарым алар менен чогуу ойношкондуктан ооруу жуктуруп алабы деп корком...
Жооп: Аймактык даарыгерден эмделбеген балдардан кандай оорулар жугушу мүмкүндүгүн сурап көрүңүз.
Бир чети сиздин кошунаңыз өтө чыр жана тыюу салынган агымдарды карманбаса, анда алар менен мамиле түзүп, кооптонуларыңызды түздөн-түз чечүүгө аракет кылсаңыз болот.